• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Сооронбай Жээнбеков: Адамдын эмгеги бааланыш керек

2 Тогуздун айы 2018 15:41 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 02.10.2018. Govori.TV
Бүгүн, Президент Сооронбай Жээнбеков, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстанда адамдын эмгеги бааланышы керектигин баса белгилеп, өлкөнүн бир катар социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө салым кошкон инсандарга сыйлык тапшырды.
Учурда коомдо, саясий турмушта, социалдык багытта чоң өзгөрүүлөр болуп жатканын, дымактуу долбоорлор ишке ашырыларын белгиледи.
“Биздин негизги максатыбыз, өлкөнү, экономиканы, социалдык-маданий тармакты өнүктүрүү болуп эсептелет. Өнүгүүнүн негизги гаранты бул – адам эмгеги”- деди Жээнбеков.
Өлкө башчы сыйлык алып жаткандардын көпчүлүгү коомдун сыйына ээ болгондор — алар жөнөкөй фермерлер, ишкерлер, педагогдор, дарыгерлер, мугалимдер жана социалдык-маданий тармактын кызматкерлери экенин айтуу менен бирге алардын мындан аркы ишине ийгилик каалады.
Количество просмотров: 31