• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Бир миңден ашык кыргызстандыкка пробациялык көзөмөл колдонулган

4 Бештин айы 2023 17:55 Бишкек Govori.TV

2023-жылдын биринчи жарым жылында сот чечими менен 1163 адамга пробациялык көзөмөл колдонулган. Пробациялык көзөмөл былтыр 2188 адамга, 2021-жылы 2896 адамга өкүм кылынган. Бул тууралуу Жогорку сот «Азаттыкка» маалымат берди.

Маалыматта пробациялык көзөмөл колдонулган адамдардын саны гана ачыкталары, чечим кандай кылмышка колдонулганы боюнча маалымат жоктугу жазылган.

Оор кылмышка айыпталган адамдарга да соттор пробациялык көзөмөл өкүмүн чыгарганы коомчулукта Селекцияда келиндин кулак-мурду кескиленген окуясынан кийин катуу сынга алынган.

Пробация тууралуу мыйзам Кыргызстанда 2017-жылы кабыл алынып, 2019-жылдан тарта иштей баштады. Анда пробация — кайсы бир оор эмес кылмыштарды жасаган, кылмышка аргасыздан барган, жаза мөөнөтү беш жылга чейин чегерилген айыпталуучулардын социалдык көмөк алуусуна, түзөлүүсүнө, социалдашуусуна, коомго кайрадан кошулуп, мыйзамсыз иштерге барбоосуна шарт түзүүчү комплекстүү чаралар экени айтылган.

Мыйзам ишке киргенден кийин Юстиция министрлигинин алдында пробациялык көзөмөлдү ишке ашыруучу атайын департамент түзүлгөн. Аталган департамент сот чечими аркылуу пробацияга чыгарылган айыпталуучулар менен иштейт.

Количество просмотров: 80