Бишкек.19.12.2018.Govori.TV.
Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча бүгүн, 19-декабрда маалымат жыйын өткөрүүдө. Анда өлкө башчы Кытай менен болгон катнашка өтө аяр мамиле кылуу керектигин айтты.
«Алыскы туугандан жакынкы коңшу. Ага дипломатиянын эң жогорку мамилеси керек. Ал жактагы кыргыз туугандарыбыз Кытай элинин жараны, ал жакта Кытайдын мыйзамдары иштеп, ошого баш ийишет. Биз алардын ички ишине кийлигише албайбыз. Биз азыр дипломатиялык каналдар менен иштеп жатабыз. Буга этият мамиле кылыш керек», — деди Жээнбеков.
Президент ошондой эле бакырып чыкса эле баары чечилип кетсе өзү биринчилерден болуп «коё бер эле, коё бер» деп кыйкырып чыкмактыгын айтты.
Жээнбеков бул багытта дипломатиялык каналдар менен иштер жүрүп жатканын дагы бир жолу эскертти.