• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Гезиттердин келечеги кандай?

15 Жетинин айы 2018 18:19 Бишкек Govori.TV
Бишкек.15.11.2018.Govori.TV.
Акыркы мезгилде газета басып чыгаруу иши басандады.  Тактап айтканда,  ноябрь айында “ЖМКларды колдоо борборунан” басылып чыгып жаткан үч гезит — “Фабула”, “Тамчы” жана “Алло, реклама” ишин токтотту.
ЗКТ: Буга чейин “Фабула” гезитинин башкы редактору Тилек Рыскулов иштин токтошуна каржылык кыйынчылык жана басылмага жазылгандар азайып кеткени себеп болгонун билдирген эле.
«Фабула» гезити Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбековго таандык экени айтылып келген, бирок, ал бул маалыматты ал четке каккан.
Ал эми Маалымат, маданият жана туризм министрлигинин алдындагы маалымат жана коомчулук менен байланыш департаментине байланышып жооп ала алган жокпуз.
Эл эми эртен жалпыга маалымдоо каражаттарынын окулдору “Президентке кат куржунду” тапшыруу алдында турушат. Мына ошол каттардын арасында басандап бара жаткан гезит маселеси камтылдыбы же жокпу ким билет? Анткени учурда гезиттердин дээрлик бардыгы менчик.

Количество просмотров: 19