• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаев менен көлдүн жээгинде жолугушту

2 Аяк оона 2018 19:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек.02.09.2018.Govori.TV.

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстан Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-сентябрда Кыргызстанга Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын Кеңешинин эртең 3-сентябрда Ысык-Көлдун жээгинде, Чолпон-Ата шаарында өтө турган мамлекет башчыларынын Саммитине катышуу үчүн келген Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту. Казакстан Президенти ошондой эле бүгүн, 2-сентябрда ардактуу конок катары Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышууда.
Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаев менен кыргыз жергесинде жылуу учурашты. «Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына келгениңиз үчүн Сизге терең ыраазычылык билдирем», — деди Сооронбай Жээнбеков тарыхый салттарга жана өз ара урматтого негизденген кыргыз-казак мамилелери бир тууган эки элдин жыргалчылыгына мындан ары карай да бекемделип, өнүгө бере турганын баса белгиледи.
Казакстан Президенти Нурсултан Назарбаев салттуу кыргыз-казак бир туугандык мамилелер позитивдүү нукта өнүгүп жатканын белгиледи.
Ал Президент Сооронбай Жээнбеков кызматка киришкенден бери бардык эки тараптуу маселелер ургаалдуу чечилип жатканын баса белгиледи, эки тараптуу кызматташтыктын Жол картасы иштеп жатат.
Ал унаа каттамдары жана бажылык жөнгө салуу маселелери күн тартибинен алынып салынганын жана бир тууган эки эл тоскоолдуктарсыз өз ара аракеттенишип жатканын баса белгиледи.
Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтык, мурда жетишилген макулдашууларды иш жүзүнө ашыруу, ошондой эле эртеңки түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын Саммитинде талкуулана турган маселелер боюнча пикир алмашышты.

Количество просмотров: 22