Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстанга мамлекеттик визит менен учуп кетти
Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстанга мамлекеттик визит менен учуп кетти
23 Баш оона 2018 9:10 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 23.08.2018. Govori.TV
Бүгүн, 23-августта президент Сооронбай ЖээнбековТүркмөнстанга мамлекеттик визит менен учуп кетти. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мамлекеттик сапардын алкагында президент Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов менен тар жана кеңири курамда жолугушат. Бир катар маанилүү документтерге, анын ичинде Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосунда стратегиялык өнөктөштүк тууралуу декларацияга кол коюлат деп болжолдонууда.
Андан кийин Сооронбай Жээнбеков 24-августка белгиленген Аралды сактоо фондунун эл аралык саммитине катышуу үчүн Түркмөнбашы шаарына учуп барат.