• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Сооронбай Жээнбеков тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды

23 Тогуздун айы 2018 9:19 Бишкек Govori.TV
Бишкек.23.10.2018.Govori.TV.
Президент Сооронбай Жээнбеков кече тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат кызматынан билдиришти.
Кыргызстандын тышкы саясатынын негизги багыттары, тышкы саясаттын күн тартибинде турган комплекстүү маселелер боюнча пикир алышуу болду. Мамлекет башчысы анын жакынкы жана алыскы чет мамлекеттерге болгон расмий жана мамлекеттик иш-сапарларынын жүрүшүндө жетишилген келишимдерди ишке ашыруу, өнөктөш мамлекеттер менен достук мамилени бекемдөө жана өнүктүрүү милдеттерин койду.
Количество просмотров: 32