Сооронбай Жээнбеков Германиянын канцлери Ангела Меркелди туулган күнү менен куттуктады
Сооронбай Жээнбеков Германиянын канцлери Ангела Меркелди туулган күнү менен куттуктады
17 Теке 201815:51 Бишкек Govori.TV
Бишкек.17.07.2018.Govori.TV
Бүгүн 17-июлда Президенти Сооронбай Жээнбеков Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Ангела Меркелди туулган күнү менен куттуктады. Бул туурасында президенттин сайтына жайгаштырылды.
Анда «Өз ара урматтоонун, түшүнүшүүнүн жана узак жылдар бою ийгиликтүү кызматташуунун негизинде жетишилген кыргыз-герман мамилелердин жогорку деңгээлин терең канааттануу менен белгилегим келет» -деп жазылат.
Мындан сырткары Кыргыз Республикасы демократияны бекемдөө жолунда ишенимдүү баратат жана Германия көрсөтүп жаткан баа жеткис колдоо биз үчүн чоң мааниге ээ. Бул өлкөдөгү демократиялык жана социалдык-экономикалык реформаларды мындан ары карай алга жылдырууда ишеним жаратат.
Биздин өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу, регионалдык кызматташтык жана эл аралык күн тартибиндеги олуттуу маселелер боюнча узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына жооп берген саясий диалог уланаарына үмүт артам.
«Гуманизм принциптерине, демократияга жана биздин элдердин жыргалчылыгы үчүн өз ара пайдалуу кызматташтыкка негизделген Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы мамилелер мындан ары да бекемделе берет деп ишенем», — деп белгиленет Мамлекет башчысынын куттуктоосунда.
Президент Сооронбай Жээнбеков Германиянын канцлери Ангела Меркелге чың ден соолук, бакубатчылык жана жогорку мамлекеттик кызматында ийгиликтерди, ал эми Германиянын дос элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүүнү каалады.
Белгилей кетсек, бүгүн Ангела Меркел 64 жашка чыкты.