• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Президентке катуу сөздөрүн айта тургандай Атамбаев эмне Аталык институтун киргизип жатабы?

2 Чын куран 2018 11:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 02.04. 2018. Govori.TV

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин КСДП партияснын съездинен кийинки маалымат жыйынында сүйлөгөн сөздөрү тууралуу ар турдуу пикирлер айтылып жатат. Саясий ишмер Бегаалы Наргозуев экс-президенттин айрым айткан сөздөрүнүн үстүнө ой-жүгүртүп, өзүнүн пикирин  kyrgyztoday сайтына жарыялады.

«Алмаз Атамбаев өзүнүн кыялы чатак экенин, анан президент Жээнбековго  кандай катуу сөздөрдү айтса да ал туура кабыл аларын өзү моюнга алып жатат. Ушул жерде бир суроо туулат, иштеп жаткан президентке катуу сөздөрүн айта тургандай Атамбаев эмне Аталык институтун киргизип жатабы? Бир өлкөнү башкарган журт атасына албетте кеңешин оозеки же кагаз жүзүндө айтып турса болот, бирок аны жаш балача жемелеп, катуу сөздөрдү айтуу чектен чыккандык эмеспи. Сооронбай Жээнбековдун тегерегинде деле бюджеттен айлык алган кеңешчилери, эксперттери, адистери, аппараты, бүтүндөй мамлекеттик институттар бар го, алар эмне эшек такалайбы? Анын үстүнө Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка Атамбаевге окшоп асмандан түшө калган жок да. Зоотехник, совхоздун директору, аким, губернатор, депутат, оппозиция, министр, премьер-министр кызматтарын аркалап жүрүп, чоң турмуштук, башкаруучулук тажрыйба менен келбедиби. Анан ушундай турмуштун ачуу-таттуусун көргөн тажрыйбалуу кишини катуу сөздөр менен жаш баладай жемелөө аны кемсинтүүгө болгон эле аракет.

Атамбаев бул жерде президент Сооронбай Жээнбековду анын аппаратта иштеген жардамчылары алдап, ошол коопсуздук кеңешинде айтчу сөздөрдүн ордуна, башка эле бир максатта жазылган сөздөрдү суна койсо, аңдабай эле окуп берген бир аңкоо адам катары көрсөтөт. Кантип эле Жээнбеков ошол аппараттагыларына алданып калсын? Аппараттагы жооптуу кызматкерлердин да башы экөө эмес да президентти алдагыдай. Бул жерде Атамбаев 8-февралдагы Жээнбековдун кооопсуздук кеңешинде Укук коргоо органдарын катуу сындап сүйлөгөн сөзү тууралу айтып жатат. Биздин маалымат булактары билдиргендей, ал кеңешмеде Сооронбай Жээнбеков Фарид Ниязов көлөкөдөгү шефи Атамбаев менен акылдашып жазып берген сөздү окубай, өзү даярдап келген сөздү айтып, генпрокурорду, УКМКнын төрагасын, ИИМ министрин – Атамбаевдин кадрларын “иштебейсиңер, өзүңөр коррупцияга аралашкансыңар” деп айыптаганы Атамбаев менен анын көлөкөдөгү командасына катуу тийген. Бул тууралу Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Алмазбек Курманалиев да сайттардын бирине “Жээнбеков коопсуздук кеңешинде башка бир адамдар даярдап эле кокусунан суна койгон туура эмес текстти окуп койду” деп айыптап жазып чыккан. Атамбаевдин логикасы боюнча жадагалса Жээнбеков эмне айтып, эмне сүйлөрүн да анын командасы жазып бериш керек, Жээнбеков ошону окуп гана коюш керек.

Бегалы Наргозуев

Количество просмотров: 25