• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Сооронбай Жээнбеков УКМК башчысына бир нече талап койду

4 Чын куран 2018 15:50 Бишкек Govori.TV
Бишкек.04.04.2018.Govori.TV
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевди, УКМК төрагасынын орун басары, Коррупцияга каршы кызматынын башчысы Сагынбек Исмаиловду  жана Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевди кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалымат саясаты бөлүмү маалымдады.
УКМК жетекчилери Коопсуздук кеңешинде коюлган тапшырмалардын аткарылышы жана акыркы күндөрү коомчулукта чуу жаратып жаткан ЖЭБди модернизациялоого байланыштуу кылмыш иштеринин иликтениши тууралуу маалымат беришти.

Президент 2018-жылдын биринчи жарымында коррупцияга каршы иштер жанданып баштаганын белгиледи. Бирок ойлогон ойду ишке ашыруу үчүн күчтү дагы, каражатты дагы аябаш керектигин айтты.

Сооронбай Жээнбеков сот системасындагы, укук коргоо жана көзөмөл  органдарындагы коррупцияны кыскартуу үчүн, УКМКнын жетекчилерине бир нече талаптарды койду.

«Коррупциялык кылмышка аралашкан ар бир чиновник, өтөгөн  эмгегине, жетишкен ийгиликтерине карабай, сөзсүз түрдө кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек,-деди Сооронбай Жээнбеков.
Ошондой эле өлкө башчысы Коррупцияга каршы кызмат жемкорлук менен менен күрөшкөндөн мурда, алдына алуу менен алектенүүсү керек экендигин айтты.
Количество просмотров: 42