Бишкектин Биринчи май райондук соту массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүүгө шек саналган деген шек менен кармалган Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулованы 20-февралга чейин камакта калтырды.
Соттун чечиминен кийин Сооронкулова ачкачылык жарыялай турганын айтты.
Ушул эле күнү Кеңешбек Дүйшөбаев, Атай Бейшенбек, Клара Сооронкулова, Кубанычбек Кадыровдордун бөгөт чарасы каралды.
Кыргызстанда «массалык башаламандык уюштурууга даярданды «деген шек менен камакка алынгандардын саны 30га чукулдады.
23-24-октябрда жыйырмадан ашуун оппозициялык маанайдагы саясатчылар, укук коргоочулар, активисттер жана блогерлер Кемпир-Абад ишине байланыштуу жапырт кармалган.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Жапырт башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен 20-октябрда козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган жана далилдер жетиштүү экенин билдирген.