• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Сосновка» постунда кышка даяр эмес унааларга чектөө киргизилди

19 Тогуздун айы 2018 17:22 Бишкек Govori.TV

 

Бишкек. 19.10.2018. Govori.TV
“Сосновка” постунда кышка даяр эмес унааларды инспекторлор өткөрбөй артка кайтарууда. Себеби кышка даяр эместиги аныкталууда.  Бул тууралуу Чүй облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
18-октябрда “Сосновка” постунда Төө-Ашуу ашуусу аркылуу жүрө турган унааларга текшерүү жүргүзүлгөн. Анда чоң жүк ташуучу транспорттук каражаттарга өзгөчө көңүл бурулду. Алардын тайгак жолдорго туруштук бере аларына маани берилди.
Унааларды текшерүүдө атайын каражаттары жок айдоочуларды кайра артка жөнөтүлүүдө.
Количество просмотров: 16