• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Сот Абдрахмановдун Атамбаевге жана Кодурановага карата доо арызын караган жок

24 Үчтүн айы 2020 12:35 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 24-январда Биринчи Май райондук соту Сагынбек Абдрахмановдун Алмазбек Атамбаев менен Асель Кодурановага карата берген доо арызын четке какты. Бул тууралуу Кундуз Жолдубаева билдирди.

Ал арызда КСДПнын 2019-жылдын 6-апрелинде өткөн 18-съездин жана Саясий кеңештин Асель Кодуранованы КСДП төрагасынын милдетин аткаруучу катары дайындаган чечимин «жараксыз» деп табуу өтүнүчү келтирилген.

Сагынбек Абдрахманов тарап он күндүн ичинде биринчи инстанциянын чечиминин үстүнөн шаардык сотко арызданбаса, анда Адилет министрлиги юридикалык жактардын реестриндеги партия жөнүндө маалыматты өзгөртүшү керек. Анда КСДП жетекчиси катары Сагынбек Абдрахмановдун ордуна Асель Кодуранованын фамилиясы жазылат.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 6-июнунда Сагынбек Абдрахманов КСДПнын ушул жылдын 6-апрелинде өткөн XVIII съездин жараксыз деп табуу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Мындан улам, Биринчи Май райондук соту 7-июнда Юстиция министрлигине бирдиктүү реестринде «Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясына» байланыштуу кандайдыр-бир өзгөртүү киргизүүгө тыюу салган.

Ага чейин Юстиция министрлиги маалымат базасындагы «Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын» документине өзгөртүүлөрдү киргизип, Алмазбек Атамбаевдин аты жазылган жерге КСДПдан чыгарылган Сагынбек Абдрахмановдун атын жазып койгон.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Юстиция министрлигинин жетекчилерин мындай иш-аракети үчүн жоопко тартууну талап кылып башкы прокурорго кайрылуу жолдогон. 7-майда Башкы прокуратура доо арызды каттоого алып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

25-май күнү партия лидери Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери» жөнүндөгү мыйзамдын күчүнө киргенине байланыштуу КСДПнын төрагалыгынан жана партия мүчөлүгүнөн убактылуу кеткен. Анын ордуна Саясий кеңеш Асель Кодуранованы бекиткен.

28-майда партия өкүлдөрү Юстиция министрлигине партиянын төрагасынын милдетин аткаруучу катары Асель Кодуранованы каттоо арызы менен кайрылышкан менен Юстиция министрлиги Биринчи Май райондук сотунун Бирдиктүү ресстрге өзгөртүү киргизбөө тууралуу чечимине таянып, КСДП жетекчиси деген жерде Абдрахмановдун атын калтырып койгон.

Количество просмотров: 58