• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Атазов Кемпир-Абад иши боюнча маалымат угууну сунуштады

15 Бирдин айы 202410:53 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов Кемпир-Абад иши боюнча сотто айыпталуучуларга жасалган мамиле боюнча Башкы прокуратуранын маалыматын угууну сунуштады.

Анын айтымында, сотто “кемпирабадчыларга” орой мамиле жасалып жатат.

“Кечээ социалдык тармактарга видео жарыяланды. Конвойлор айыпталуучуларды чыканак менен уруп атат. Түртүп, кордоп атат. Биз кийинки аптада башкы прокурорду чакырып, мыйзам кандай аткарылып жатканын сурасак. Депутаттык комиссия да түзүлгөн. Анын жыйынтыгы чыгабы?”, — деди ал.

Парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев “прокуратура ишти сотко өткөрүп бергенин, соттун жүрүшүнө тоскоолдук кылбаш керек экенин” айтты.

Теги:
Количество просмотров: 116