• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Сот «Апрель» телеканалынын доо арызын канааттандырган жок

15 Баш оона 201920:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.08.2019.Govori.TV.

Бүгүн, 15-августта Биринчи май райондук соту «Апрель» телеканалынын ишин карады.

Жыйынтыгында сот доо арызды канааттандырган жок.

Белгилей кетсек, «Апрель» телеканалынын кызматкерлери Башкы прокуратурага ИИМдин тергөө тобунун жана Биринчи Май райондук сотунун судьясынын аракеттерине карата буга чейин доо арыз жазышкан.

Кайрылууда, 2019-жылдын 9-августунда атайын кызматтын кызматкерлери менен биргеликте тергөөчү «Апрель» телеканалынын аймагына кирип келишип жана офисти бошотууну талап кылып, өздүктөрүн жана кызматтарын тастыктаган документтерди, ошондой эле бул талаптарды негиздеген документтерди көрсөтүшкөн эмес деп көрсөтүлгөн.

Соттун жүрүшүндө прокурорго жыйынтыктоочу сөз берилип ал өзү тарабынан келтирилген фактыларды мыйзамдуу деп эсептеди.

Эске салсак, 9-август күнү кечинде Ички иштер министрлиги соттун чечими менен «Медиа Форум» ишканасынын жана «Апрель» телеканалынын мүлкүн камакка койгон.

Количество просмотров: 14