• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сот Асия Сасыкбаеваны камакта калтырды

24 Тогуздун айы 202223:45 Бишкек Govori.TV

Мурдагы депутат Асия Сасыкбаева 20-декабрга чейин камакта калды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту 25-октябрга караган түнү кабыл алды.

Анда Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын өтүнүчү канааттандырылды.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 36 — 278 — беренесинин 1-бөлүгү менен айыпталып жаткан Сасыкбаевага карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү тергөө мөөнөтүнө, башкача айтканда 2022-жылдын 20-декабрь күнүнө чейин тандалды жана ал Юстиция министрлигине караштуу ЖАКнин №21-мекемесине камакка алынды.

Количество просмотров: 233