• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Сот Текебаевдин жактоочуларынын ишин жапты

25 Кулжа 201915:35 Бишкек Govori.TV

Бишкек.25.06.2019.Govori.TV.

«Ата Мекен» партиясынын мурдагы юристтери Канатбек Азиз менен Таалайкүл Токтакуновага карата экс-президент Алмазбек Атамбаевдин койгон доо арызы боюнча сот ишти жапты. Бул тууралуу Говори.ТВга юрист Таалайкүл Токтакунова билдирди.

Анын айтымында, иштин негизин кароо биринчи инстанцияга кайтып келип, жыйынтыгында сот ишти жапкан.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура 2017-жылы Алмазбек Атамбаевдин «кадыр-баркына шек келтирди» деп сотко арызданган. Соттун бардык инстанциялары доо арызды толук канааттандырып, юристтер 10 миллион сомдук айыпка жыгылган. Атамбаевге материалдык доону өндүрүп бериш үчүн эки юристтин айлыгы түшчү банктагы эсеби жабылган.

Количество просмотров: 14