• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Сот Атамбаевдин камалуусун мыйзамдуу деп тапты

4 Аяк оона 201914:58 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 4-сентябрда Бишкек шаардык соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 7-8-августтагы кармоо маалындагы мыйзам бузуу боюнча жактоочуларынын арызын карап, мурунку президенттин камалуусун мыйзамдуу деп тапты.

Соттун жүрүшүндө журналисттерге видео жана сүрөт тартууга уруксат берилген жок.

Атамбаевдин дагы бир жактоочусу Замир Жоошев сот адегенде Атамабевди кармап келүүнүн мыйзамдуулугун аныктап алып, анан анын баш коргоо чарасын караганы мыйзамдуу болорун буга чейин дагы белгилеген.

Эске салсак, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынып, ага бир катар оор кылмыштар боюнча айыптар тагылган.

Количество просмотров: 22