• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Сот аткаруучулар Govori.TVнын журналистинен кечирим сурашты

3 Бугу 2023 16:39 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-майда Бишкек шаардык сотунун төрагасы Нурбек Эсеналиев Govori.TV мультимедиалык маалымат агенттигинин жетекчиси Кайыргүл Урумканова жана журналист Гулназ Мидинова менен жолугушту.

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасынын орун басары Рахат Каримова жана сот аткаруучулар катышкан жолугушуунун жүрүшүндө тараптар шаардык сотто орун алган окуяны талкуулашты.

Шаардык соттун төрагасы Нурбек Эсеналиев бардык катышуучуларды мындай көрүнүштөр кайталанбашы үчүн мыйзам талаптарын урматтоого жана белгиленген талаптарды аткарууга чакырды.

Сот аткаруучулар кызматынын Бишкек аймактык бөлүмүнүн улук сот аткаруучусу Азат Сабитов кол алдындагылардын Govori.TVнын кабарчысына жасаган туура эмес мамилеси үчүн кечирим сурады. Ал ошондой эле ички иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт деп ишендирди.

Количество просмотров: 201