• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Сот Бабановдун кармалуусун мыйзамдуу деп тапты

2 Кулжа 2021 14:41 Бишкек Govori.TV

Биринчи май райондук сотунун судьясы Өмүрбек Бабановдун УКМК тарабынан кармалуусун мыйзамдуу деп тапты. Бирок, мындай чечимден кийин саясатчынын жактоочулары судьяга карата ишенбөөчүлүк көрсөтүп, сот кайрадан кеңешүү бөлмөсүнө кирген.

Бүгүн, 2-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурунку премьер-министр Өмүрбек Бабановдун баш коргоо чарасы каралып жатат. Анда сотко 2 өтүнүч берилген. Ал шектүүнүн кармалышынын мыйзамдуулугун текшерүү жана баш коргоо чарасын кароо тууралуу.

Бул арада сот имаратынын алдына Бабановдун тарапташтары кайра чогулду. Ошондой эле жараянга Жогорку Кеңештин депутаттары Кенжебек Бокоев менен Калдарбек Баймуратов келген.

Эске салсак, Бабанов «Кумтөр» долбоорун ишке ашыруудагы коррупцияга байланыштуу кармалган.

Количество просмотров: 1348