• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Сот департаменти ачык калп таратты

2 Бугу 2023 16:33 Бишкек Govori.TV

КР Жогорку Сотуна караштуу Сот департаменти журналистти эшикке күч менен чыгарып салган сот кызматкерлери боюнча маалымат таратты.

Сот аткаруучулардын айтымында, журналист Бишкек шаардык сотунун короосунда турган конвойдун унаасын видеого тартып, келгендердин соттун экинчи кабатына өтүүсүнө тоскоол болгон.

«Сот приставдарынын өзүн тааныштырып, биринчи кабатка түшүп, келгендердин тынчын албоо өтүнүчүнө ал кыйкырып, чыр-чатак чыгара баштаган. Бишкек шаардык соттук аткаруучулар кызматынын аймактык бөлүмүнөн билдирүүлөр келип түшкөн жана тартылган видеоматериалдар жана башка документтер иликтенип жатат. Кызматтык иликтөө жүрөт», — деп белгилешти Сот департаментинен.

Бүгүн, 2-майда Govori TV агенттигинин кабарчысы Гулназ Мидин кызы Кемпир-Абад маселеси боюнча кармалгандардын сотуна даярданып, жабдыктарын орнотуп жаткан учурда аны сот залындагы тартип сакчылары күч колдонуп, эч себепсиз эшикке чыгарып салышкан.

Журналисттин айтымында, сот отуруму баштала электе эле кызматкерлер келип, сүрөткө жана видеого тартууга тыюу салышкан.

«Мен эч кандай кыйкырык салып, чыр чыгарган эмесмин. Дайым эле тартып жүргөн жер болчу, экинчи кабатка чыгып бара жаткан жердеги айнектен алынып келингендерди видеого буга чейин деле тартып келгенбиз. Ал учурда видео же сүрөткө тартып баштаган да эмесмин. Себеби отурум али баштала элек болчу. Сот кызматкерлери келип, сот имаратынын ичинен тартууга болбойт деп, эч себепсиз эле эшикке сүйрөп, күч менен чыгарып салышты. Маселе сот залынан эмес, имараттан чыгарып салганында болуп жатат», — деди ал.

Окуядан соң журналист сот аткаруучуларга карата чара көрүү арыз менен милицияга жана сот департаментине кайрылган.

Количество просмотров: 95