Бишкектин Биринчи май райондук соту 10-июлда Кыргызстандын Түркиянын Стамбул шаарындагы мурунку башкы консулу Эркин Сопоковго карата чечим чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.
Эркин Сопоков төмөнкү берене боюнча күнөөлүү деп табылды:
— Жазык кодексиндеги 230-берененин 2-бөлүмү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 260 миң сом айып пул;
— 230-берененин 2-бөлүмү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 260 миң сом айып пул;
— 230-берененин 2-бөлүмү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 260 миң сом айып пул.
Жазык кодексинин 78-беренесинин негизинде жазаларды бириктирүү менен Сопоковго 3 миң эсептик көрсөткүч, тактап айтканда 300 миң сом айып салынды. Ал сот залынан бошотулуп, эч жакка чыкпоо баш коргоо чарасы тандалды. Бул чечим өкүм мыйзамдуу түрдө күчүнө киргенде жокко чыгарылат.