• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Сот Гүлзат Мамытбектин мурунку күйөөсүн актады

22 Үчтүн айы 202015:42 Бишкек Govori.TV

Чүй облустук соту Гүлзат Мамытбектин мурунку күйөөсүн күнөлүү эмес чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу соттун токтомуна айтылат.

2019-жылдын 8-февралында Талантбек К. менен Гүлзат Мамытбектин ортосунда чыр чыккан. Ошол күнү болжол менен кечки саат тогуз чамасында ал Ново-Павловка айылында балдары менен жашап жаткан мурунку күйөөсүнүн үйүнө журналисттер менен бирге барган.

Мурдагы жубайлардын макулдашуусу менен Гүлзат эс алуу күндөрдү балдарды алып кетүүгө укугу бар.

Ал бешинчи күнү кечинде Талантбекти алдын ала экскертпестен барган. Ал аны үйгө киргизбей, эртеси келип балдарды алып кетүүсүн айткан. Бирок Гүлзат балдары менен жолуктуруусун талап кылып, аягында калитка аркылуу кызы менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.

Бирок Гүлзат менен Талантбектин талашы уланып отуруп, кол көтөрүүлөргө жеткен. Сотто Талантбек мурдагы аялына кол көтөрбөгөнүн, жөн гана күч менен үйдөн чыгарып койгонун айтты. Ал эми Гүлзат өз кезегинде күйөөсү аны бир нече жолу башына чаап, курсагына тепкенин билдирген.

Гүлзат мурунку күйөөсүнө карата арыз жазган. Бул факт Жоруктар кодексиндеги 119-берене (майда бейбаштык) боюнча каттого алынган.

Сокулук райондук сотунун чечими менен Талантбек күнөөлүү эмес деп табылып, акталып чыкты. Чүй облустук соту биринчи чечимин күчүндө калтырды.

Булак: АКИпресс.

Количество просмотров: 2054