Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновго 7 жылга эркинен ажыратылып, мүлкү камакка алынды. Мындай чечимди Октябрь райондук сотунун судьясы бүгүн, 30-октябрда чыгарды.
Ал эми анын жактоочулары соттун чечими менен макул эместигин айтышты.
Илмиянов өзүнө каршы кылмыш иши тууралуу туугандарынан угуп, 2018-жылдын 20-октябрында Москвадан Кыргызстанга келгенин, «Манас» эл аралык аэропортунан түз эле тергөөгө барып, андан бери камакта экенин белгиледи.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекетик комитет (УКМК) аны Орусиядан кармалып, Кыргызстанга жеткирилгенин маалымдаган эле.
Ага Башкы прокуратура Жазык кодексинин «Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык» беренеси менен иш козгоп, «жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар акча алган» деген айып койгон.
Мурдагы отурумдарда прокурор Илмияновдун күнөөсү толук далилденгенин билдирип, 7,5 жылга түрмөгө кесүүнү сураган. Мындан тышкары, кошумча 100 эсептик көрсөткүчтө айыппул салууну өтүнгөн.
Иш 2019-жылдын июлунда сотко өткөн.