Бишкектин Биринчи Май райондук соту журналист Канышай Мамыркулова менен жарандык активист Самат Алиевдин вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго карата жазган доо арызын кароодон баш тартты. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чынгыз Эсенгул уулу билдирди.
Эске салсак, 23-январда журналист менен жарандык активист вице-премьер -министрди сотко берген. Доо арызда 13-январда жана 15-январда Бишкекте кыргыз-тажик чек арасы боюнча өткөрүлгөн митингди Жеңиш Разаков: «Акча менен уюштурулган, алар акчага чыгарылган адамдар» деп айткандыгын «куру айып» деп баалашып, доогерлердин ар бири 5 млн сомдон талап кылышкан.