• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Сот Кашкар Жунушалиевдин арызын канааттандырып, «Азия Ньюсту» 1 миллион сом айып пулга жыкты

31 Тогуздун айы 201911:14 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Октябрь райондук соту ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин «Азия Ньюс» гезитине каршы доо арызын канааттандырып, гезитти 1 миллион сом айып пулга жыкты.

Бул тууралуу басылма бүгүн, 31-октябрдагы санында жазды. Андагы маалыматка караганда, мындай чечимди ишти караган райондук соттун судьясы Тынара Абдиева чыгарды.

Жунушалиев «Азия Ньюсту» 2019-жылдын 25-апрелинде чыккан №16 жана 16-майда жарык көргөн №19 сандарындагы макала, коллаждар үчүн сотко берген. Ал «гезиттеги материалдар ар-намысыма шек келтирди» деп, гезиттен 5 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

«Азия Ньюс» Ички иштер министрлигинин 7-башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Матмусаев менен да соттошуп жатат. Матмусаев гезиттин ушул жылдын 16-майында ал тууралуу чыккан маалыматы боюнча сотко кайрылып, «Азия Ньюстан» 5 миллион сом өндүрүп берүүнү сураган.

Гезиттин башкы редактору Аслан Сартбаев буга чейин гезиттин айланасындагы соттук иштер боюнча комментарий берип, басылмага жарыяланган макалалар министрдин кадыр-баркына шек келтирбесин билдирген.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 61