• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Сот Курсан Асановдун баш коргоо чарасын карап жатат

27 Баш оона 201920:12 Бишкек Govori.TV

Бишкек.27.08.2019.Govori.TV.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов Аскер прокуратурасында сурак берип, андан соң Биринчи май райондук сотуна анын баш коргоо чарасын кароо үчүн алынып келинди.

Белгилүү болгондой учурда сот кеңешүү бөлмөсүнө кирип кеткен.

Эске салсак, Курсан Асанов 13-августта кызматтан алынган эле. Ага Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы «7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын саткан жана ишенимден кеткени аныкталды» деп чыгарган чечими себеп болгон.

Ошондон кийин Аскер прокуратурасы Асановго карата Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен кылмыш ишин козгоп, үйүн тинтүүгө алган.

Количество просмотров: 13