• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Сот Кылычбек Саркарбаевди актады

13 Аяк оона 2021 17:01 Бишкек Govori.TV

Ош шаардык спорт комитетинин мурдагы төрагасы Кылычбек Саркарбаев «документ жасалмалоо» иши боюнча акталды. Маалыматты Ош облустук сотунун басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка караганда, мындай чечимди Ош шаардык соту 11-августта чыгарган. Ошондой эле 2020-жылдын февралында Ошто болгон атышуу чырына да катышы жок деп табылган.

Эске салсак, өткөн жылдын 17-декабрында атайын кызмат Саркарбаевди аты-жөнүн жасалма документ аркылуу өзгөрткөн деген шек менен кармаган. Бир айдан соң ага дагы бир кылмыш иши ачылып, Спорт комитетинин каржылык-чарбалык ишине зыян келтирген деп, Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянат пайдалануу») менен териштирүү башталган. Саркарбаев мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтуруу үчүн миллион сом төлөп үй камагына чыккан.

Количество просмотров: 242