Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо боюнча комитетинин координатору Мамбетжунус Абыловду 20-апрелге чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды.
Буга чейин Мамбетжунус Абылов Улуттук госпиталдын урологиялык бөлүмүнө жаткырылып, ага операция жасалган. Учурда ооруканада.
Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразычыдыгын ачык билдирип жүргөн 20дан ашуун саясатчы, активист жана блогер былтыркы октябрь айынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурат.
Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп сыпаттап жатышат.