• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сот Матраимовдорго 50 миӊ сомдон айып салды

27 Баш оона 20248:01 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи май райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, камактагы Райымбек Матраимовдун туугандары Руслан жана Исламбек Матраимовдордун ар бирине 50 миӊ сомдон айып пул салынганын билдирди.

Маалыматка ылайык, алар Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү” жана “Мыйзамсыз ишкердик же банктык иш” беренелери менен күнөөлүү деп табылды.

Бир туугандардын ар бирине 500 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынган, бул 50 миң сом дегенди билдирет.

Соттон тергөөнүн жүрүшүндө айыпкерлер менен прокуратуранын ортосунда күнөөнү моюндоо боюнча макулдашуу түзүлгөнүн билдиришкен.

Эске салсак, 26-мартта УКМК Азербайжандан Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовду жана анын Тилек, Руслан жана Исламбек аттуу бир туугандарын экстрадициялаган.

Количество просмотров: 85