• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Сот мэр шайлоо боюнча Журналист Канышай Мамыркулованын арызын кабыл алуудан баш тартты

13 Баш оона 2018 14:07 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 13.08.2018.Govori.TV.
Бишкектин мэрин шайлоого байланыштуу журналист Канышай Мамыркулованын арызын кабыл алуудан Биринчи май райондук соту баш тартты. Бул тууралуу журналист өзү кабарлады.
Анын айтымында, аталган райондук соттун судьясы Алмаз Калдыбаев быйыл 1-июлда күчүнө кирген Жарандык кодекстин жаңы редакциясын негиз катары карап, арызды кабыл алганга болбой турганын билдирген.
Белгилей кетсек, Канышай Мамыркулова өз арызында Бишкек шаарынын мэрине талапкер Азиз Суракматовдун мамлекеттик тил боюнча сынагы мыйзамсыз өткөнүн көрсөткөн.
Бул кырдаалга жооптуу катары Мамыркулова өкмөттү, Мамлекеттик тил комиссиясын, БШКны, «Кыргызтест» мекемесинин жоопкерчилигин кароону жана мэрге талапкердин тил сынагынын жыйынтыгын мыйзамсыз деп таанууну өтүнгөн болчу.

https://www.facebook.com/sultan.amanbekov.1/videos/2076340719294494/

Количество просмотров: 29