• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Сот Салянованын өтүнүчүн канаатандырган жок. Шахтадан бир адамды таш басып каза тапты Соңку жаңылыктар 01 02 18

1 Бирдин айы 2018 14:56 Бишкек Govori.TV

Бишкек.01.02.18.Govori.TV

Сот Салянованын өтүнүчүн канаатандырган жок

Бүгүн, 1-февралда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иши каралууда. Отурумдун жүрүшүндө Аида Салянованын жаңы дайындалган жактоочусу Саня Ахмаметова иш менен толук таанышууга убакыт аз берилип жетишпей калганын айтып дагы мөөнөт берүүнү өтүндү. Бирок сот анын өтүнүчүн четке кагып канааттандырган жок.Жактоочу ишти жакшы өздөштүрбөй туруп кардарынын кызыкчылыгын коргой албай тургандыгын айтты. Ал эми Аида Салянова соттун бул чечимине нааразы болуп, ага ишенбөөчүлүк көрсөттү. Сот кеңешме бөлмөсүнө кирип чыгып, Салянованын келтирген өтүнүчүн орунсуз деп таап, четке какты.Эскерте кетсек, Салянова «Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан» деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган.

Аңчыдан кабар жок 

Алай районунун Будалык айыл аймагынын тургуну төрт күн мурда аң улоого кетип, ошол боюнча табылбай жатат. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан бирдиришти.Ал 28-январь күнү саат 08.00дө үйүнөн чыгып, Сары-Күнгөй тоосун көздөй бет алган.»Аны издөө иштери 30-январь күнү башталган. ӨКМдин алты куткаруучусу, туугандары жана милиция кызматкерлери ошондон бери мергенчини издеп жатышат», — деп айтылат билдирүүдө.Маалыматка караганда, жоголгон адам акыркы жолу үй-бүлөсү менен 28-январь күнү саат 16.00дө телефон аркылуу байланышкан

Шахтадан бир адамды таш басып каза тапты 

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Тыт айылында 26 жаштагы тургунду таш басып калып, каза тапты. Окуя 31-январда кечки саат бешке жакын болгонун, ал мыйзамсыз көмүр казып жатып кырсыкка кабылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.Маркум Жолборсту айылынын тургуну. Анын денесин алып чыгууга министрликтин 12 куткаруучусу катышып, саат 21:30 табылган жана милицияга өткөрүлгөн. Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын маалыматы боюнча, былтыр кендердеги кырсыктардан жыйырмадай кишинин өмүрү кыйылган

Количество просмотров: 7