• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Сот саясатчы Бектур Асановду камакта калтырды

15 Бирдин айы 2023 16:49 Бишкек Govori.TV

Сот саясатчы Бектур Асановду камакта калтырды. Мындай чечим бүгүн,15-февралда Биринчи май райондук соту тарабынан кабыл алынды.

Ушундай эле чечим активист Али Шабданга, саясатчы Равшан Жээнбековго чыкты. Алардын камактагы мөөнөтүн узартуу жабык каралды.

2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына нааразычылыгын билдирген саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активисттер камакка алынган. Учурда 20дан ашуун киши Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурат, бир нечеси үй камагына чыгарылган.

Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп атап келет.

Биринчи Май райондук сотунун аларды 20-февралга чейин камакта кармоо тууралуу чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

Иш жашыруун деген макам алдында карала турганы 18-январда белгилүү болгон.

Количество просмотров: 174