• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Сот Суталиновдун апасын сыздатты… (Видео)

15 Чын куран 2019 11:53 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.04.2019.Govori.TV.

Бишкек шаардык сотунда 15-апрелде атайын кызматтын мурдагы башчысы Мурат Суталиновдун ишин сот карабай, 7-майга сот отурумун жылдырды.

Генерал Суталиновдун апасы чечимди угуп сыздап ийди, анткени баласынын ден соолугу начарлап кеткени белгилүү болду.

“Балам Кыргызстаным деп бир күн эс албай иштеген. Үч үй-бүлө 4 бөлмөлүү үйдө жашашат. Баламда андан башка эч нерсе жок. Балам биринчи бизди көргө бериш керек, бирок, тескерисинче биз аны көргө беребизби?», – дейт апасы Канапия Суранбаева

Сот отурум Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлү келбей койгондон улам жылды.

Бүгүн сот Мурат Суталиновдун ден соолугуна байланыштуу бошотуу же бошотпоо маселесин карамакчы.

Мурун адвокаттар өтүнүч келтиргенден кийин тогуз күбө суралды. Алар дарыгерлер жана Суталиновдун саламаттыгын текшерген комиссиянын мүчөлөрү. Дээрлик баары буга чейин коюлган диагнозду тастыктап, “түрмө шартында дарылануу мүмкүн эмес” деген пикирин айтышкан

Количество просмотров: 29