Жолдош Сыргаковдун журналист Канышай Мамыркуловага каршы апелляциялык арызы канааттандырылган жок.
Мындай чечимди бүгүн, 8-августта Чүй облустук соту кабыл алган.
Эске салсак, журналист Мамыркулова Байтик айылдык кеңешинин депутаты Жолдошбек Сыргаковдун Фейсбук социалдык тармагында тараткан видео тасмасы кадыр-баркына шек келтиргенин айтып, сотко кайрылган. Аламүдүн соту журналисттин арызын негиздүү деп таап, Сыргаковду 5500 сомдук айып төлөөгө милдеттендирген.
Ал эми Сыргаков райондук соттун чечимине каршы облустук сотко апелляциялык арыз жазган.