• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Административдик сот Абдыкадыровдун арызын канаттандырды

29 Бирдин айы 202415:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын административдик соту 28-февралда бир мандаттуу №21 Талас шайлоо округундагы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча Эмилбек Абдыкадыровдун арызын канаттандырды. Маалыматты Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, БШКнын 2024-жылдын 22-февралындагы №4 чечими күчүн жоготту деп табылып, соттун чечими менен БШКнын токтому жокко чыгарылды.

Абдыкадыровдун өкүлү буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) №21 Талас шайлоо округунан депутат болуп келген Бактыбек Чойбеков добуш сатып алганын айтып, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну суранган. Боршайком 22-февралдагы отурумунда аны канааттандырган эмес. БШКнын төрагасы Нуржан Шайлдабекова бул чечимге каршы сотко кайрылса болорун айткан.

Бактыбек Чойбеков бул боюнча үн ката элек. Ал 2021-жылы өткөн парламенттик шайлоодо бир мандаттуу №21 Талас шайлоо округунан депутат болуп шайланып келген.

Количество просмотров: 146