• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Сот Теңгиз Бөлтүрүктү камакта калтырды

10 Жалган куран 2023 18:38 Бишкек Govori.TV

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун мурдагы директору Теңгиз Бөлтүрүк 10-майга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, 3-мартта Октябрь райондук соту Теңгиз Бөлтүрүктүн камактагы мөөнөтүн узартуу чечимин кабыл алган.

Эске салсак, Бөлтүрүккө бир нече беренелер боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилген.

Количество просмотров: 96