• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Теңгиз Бөлтүрүк кош жарандуулугу тууралуу маалымат берди

20 Бугу 2021 17:07 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 20 майда Жогорку Кеңештеги маалымат жыйында “Кумтөр Голд Компаниге” тыштан башкаруучу болуп дайындалган Теңгиз Бөлтүрүк кош жарандуулугу тууралуу маалымат берди.

«Мен Кыргызстандын жаранымын. Кандайдыр бир күмөн жарала турган болсо, Мамлекеттик каттоо кызматынан тактасаңыздар болот. Ооба, кош жарандуулугум бар. Экинчи жарандыгым Канада мамлекетиники. Бирок ишмердүүлүгүмө эч кандай тоскоолдук жаратпайт»,-дейт ал.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин 17-майдагы кезексиз жыйынында «Кумтөрдү» тышкы башкарууга алуу чечими кабыл алынган. Жетекчилик кызматка Канададан чакырылган тоо инженери Теңгиз Бөлтүрүк дайындалган. Теңгиз Бөлтүрүк 56 жашта, ал Кыргызстандын жана Канаданын жараны. Акыркы 23 жылдан бери чет мамлекетте жашап, эмгектенип келген.

Бөлтүрүк буга чейин дагы парламентте кош жарандыгы бар экенин ырастаган. Ал Канаданын жараны деген сынга жооп кылып, чөнтөгүнөн Кыргызстандын дипломатиялык паспортун алып чыгып көрсөткөн эле.

Количество просмотров: 260