Кумтөрдү сырттан башкарып кеткен Теңиз Бөлтүрүк 880 миллион сом зыян келтиргени аныкталып, анын 862 миллиону ордуна коюлган. Бул тууралуу башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева парламентте билдирди.
“ Бул анын жасаган кылмышы үчүн жаза катары эсептелинет. Бул боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарына бир аз туура эмес маалымат кетип калды”, — деди Конкубаева.
Мунун алдында депутат Улугбек Ормонов » Бөлтүрүк мамлекеттен миллиарддап уурдап, бирок 800 миң сом айып менен эле кутулдубу?» деген суроо узаткан.