• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Теңиз Бөлтүрүк камакта калтырылды

14 Жетинин айы 2022 10:35 Бишкек Govori.TV

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун мурдагы тышкы менеджери Теңиз Бөлтүрүк камакта калтырылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкектин Октябрь райондук соту Бөлтүрүктү 2023-жылдын 10-январына чейин УКМКнын СИЗОсунда камакта калтырган. Бөлтүрүктүн жактоочусу бул чечим боюнча шаардык сотко даттанган.

Эске салсак, Бөлтүрүккө бир нече беренелер боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилген.

Количество просмотров: 81