• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Сот Текебаев менен Чотоновдун ишин кароону жылдырды

12 Аяк оона 201915:55 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 12-сентябрда үй камагындагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши жаңы ачылган жагдайлардын негизинде Биринчи май райондук сотунда кайрадан каралып, кийинки отурум 1-октябрга белгиленди.

Жактоочу Таалайгүл Токтакунова соттук процессти чагылдырууга видео камераларды залга киргизүү өтүнүчүн билдиргени менен соттук процессти сүрөткө жана видеого тартууга уруксат берилген жок.

Соттук процесстин жүрүшүндө жактоочулар «Нуртелеком» компаниясы берген документте 2010-жылы 13-майда Текебаев менен Чотоновдун телефон номурлары «Супаранын» аймагында колдонулбаганы сыяктуу бир катар далилдерди келтиришти.
Ал эми Текебаев менен Чотонов аларга коюлуп жаткан айыптарды жалган жалаа деп эсептешет.

«Мен өзүмдү толук күнөөлүү эмесмин деп эсептейм. Бул жалган жалаа. Мени эмнеге айыптап жатышат мен түшүнбөйм. Мамлекетке, жөнөкөй жаранга, Маевскийге бир тыйын дагы зыян келтирбесем мен эмнени моюнга алышым керек»,-деди Текебаев

Эске салсак, Өмүрбек Текебаев менен экс-министр, мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде, 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Ал эми 29-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун бөгөт чарасын өзгөртүп, сот залынан бошоткон.

Количество просмотров: 41