Бишкек.21.08.2019.Govori.TV.
Жогорку сот Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап жатат.
Буга чейинки отурум 16-июлда болуп, иштин көптүгүнө байланыштуу териштирүү 21-августка калтырылган. Сотко президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев, коомдук ишмерлер Жолборс Жоробеков, Эмилбек Каптагаев, Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Наталья Никитенко, Эмил Токтошев, Сайдулла Нышанов жана мурдагы вице-спикери Асия Сасыкбаева келишти.
Эске салсак, 2018-жылы да юристтер ишти жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароо тууралуу өтүнүч жиберген, бирок Башкы прокуратура аны аткаруудан баш тарткан.
Текебаев менен Чотонов орусиялык жарандан пара алды деген негизде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Экөө тең бул айыптоону ошол кездеги бийликтин саясий куугунтугу деп аташкан