• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Сот Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратты

23 Жетинин айы 2020 19:57 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Биринчи май райондук соту 23-ноябрда активист Темирлан Ормуковдун Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандатын жокко чыгаруу боюнча арызын канааттандырды. Бул тууралуу Ормуков фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал эми мындан ары Жогорку сотко, Конституциялык палатага барарын билдирди.

Бул маалыматты «Ата Мекен» партиясынын лидери өзү да ырастаган. Текебаев сотко өзү катышпаганын айтып, мандатты алуу тууралуу сот чечимин саясий чечим деп баалады.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылыштагы депутатынын мандатын 15-октябрда алган.

«Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Садык Шер-Нияз 12-октябрда депутаттык мандатынан өз эрки менен баш тартып, аны партия лидерине берүүнү БШКнын төрайымынан өтүнүп, арыз жазган.

Өмүрбек Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду үй камагына чыгарган. Иш ушул тапта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда алардын иши кайра каралып жатат.

Текебаев мандатынан сот иштерине байланыштуу 2017-жылдын ноябрь айында ажыраган.

Количество просмотров: 6108