Бишкектин Октябрь райондук соту Токмак шаарынын мэри Урмат Самаевди камакка алуу чечимин чыгарды.
Айыпталуучунун жактоочулары соттон камакка алууга байланышпаган баш коргоо чарасын тандоону суранышкан.
Тергөө судьясы Алмаз Нурбеков Самаевди убактылуу кармоочу жайга камоо чечимин чыгарып, ал июнга чейин УКМКнын СИЗОсунда болот.
Токмок шаарынын мэри УКМК тарабынан кармалган.
Маалыматка ылайык, Самаев “Токмок жылуулук” муниципалдык ишканасында аныкталган коррупциялык иштерге катыштыгы бар деп шектелүүдө.
Белгилей кетсек, УКМК тарабынан “Токмок жылуулук” МИнин борбордук жылуулук трассасына үйлөрдү мыйзамсыз кошуу фактысы аныкталган. Келтирилген зыяндын суммасы 130 млн сомдон ашат.