Бүгүн, 23-декабрда Бишкектин Ленин райондук соту борбордун мурунку мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовго өкүм чыгарды.
Судья Кубанычбек Касымбеков Кулматов күнөөлүү деп табылып, 5 млн сом айып салынганын билдирди. Ал сот залынан бошотулду. Ал эми Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылды.
Соттун имаратынан чыккан Кулматовду туугандары жана достору тосуп алышты. Ал мындай өкүм күтпөгөнүн жана соттун чечимине макул эмес экенин айтты. Анткени ал соттолгон адам катары эсептелинет.
Ал эми өзү Кулматов журналисттердин 1-2 гана суроосуна жооп бере алды.
«Менин абактан чыкканым албетте жакшы, бирок бизди күнөөлү деп табышты. Мен буга карышымын. Биздин эч кандай күнөөбүз жок. Эки жыл болгон окуялар булар ойдон чыгарылган жана абсурд», — деди Кулматов.