• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Сот Өзгөндүн мэрин камакта калтырды

17 Жетинин айы 2023 16:39 Бишкек Govori.TV

Ош шаардык соту Өзгөн шаарынын мэри Данияр Моңолдоровдун баш коргоо чарасын карап, 9-декабрга чейин камакта калтырды. Бул тууралуу соттон кабарлашты.

Өзгөн шаарынын мэри уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар деген шек менен 15-ноябрда кармалган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 139-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда (Өмүргө жана ден-соолукка коркунучтуу зомбулук көрсөтөм деп коркутуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча катталган кылмыш ишинин алкагында, ошондой эле «мыйзамдагы ууру» Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу топбунун ишине катышкан деп айыпталган.

13-ноябрда УКМКнын кызматкерлери тарабынан мэрдин кызматтык иш бөлмөсүнө тинтүү жүргүзүлүп, тергөө абагына камака алынган.

Количество просмотров: 112