• Шаршемби 3 Кулжа 2026
  • Среда 3 Июнь 2026

Сот жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровго айып салды

22 Жалган куран 2022 13:20 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи май райондук соту жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровго «Укук коргоо органдарынын талаптарына баш ийбөө» боюнча 3 миң сом айып салды. Сот аны тыюу салынган жерде акция өткөргөнү менен негиздеди.

Ал эми «Майда бейбаштык» беренеси боюнча актады.

Эске салсак, 17-мартта укук коргоочулар Өндүрүш Токтонасыров, Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасулова Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына Украинадагы согушка каршылык билдирип пикетке чыгышкан. Аларды милиция кармап кеткен.

Количество просмотров: 224