• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сот Жеңиш Молдокматовду актады

28 Кулжа 202218:45 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Убайдулла Сатимкулов Октябрь окуялары боюнча саясатчы Жеңиш Молдокматовду кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу актады.

Буга чейин мамлекеттик айыптоочу Жеңиш Молдокматовду 9 жылга эркинен ажыратууну суранган.

Эскерте кетсек, Молдокматов 2020-жылдын май айында камакка алынган. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал 2020-жылдагы октябрь окуялары учурунда массалык башаламандык уюштурган деп шектелген болчу.

Количество просмотров: 1465