Бишкек.31.05.2019.Govori.TV.
Бишкек шаардык соту Бишкек ЖЭБдеги авария боюнча Айбек Калиев, Темирлан Бримкулов, Бердибек Боркоев жана Узак Кыдырбаев, Өмүркул уулу Нурлан, Нурлан Садыков, Нургазы Курманбековго байланыштуу ишти карады. Буга чейин Нурлан Садыков, Нургазы Курманбеков, Бердибек Боркоев, Өмүркул уулу Нурлан күнөөнү мойнуна алганы жана чыгымдын айрым бөлүгүн төлөгөнү тууралуу маалымдалган.
Кеңешүүчү бөлмөдөн чыккан судья Момуналиев өкүмдү окуп, Биринчи май райондук соттун өкүмү өзгөртүлдү:
Б.Боркоев, Н.Өмүркул уулу, Н.Курманбеков жана Н.Садыков «Электр станциялары» ААК менен «Бишкек жылуулук» ААКтын чыгымын каржылашы керек.
Б.Боркоев, Н.Садыков, Н.Курманбеков 28-майда үй камагына чыгарылса, Н.Өмүркул уулу бүгүн, 31-майда сот залынан бошотулду.
Бишкек шаардык соту А.Калиевге (Биринчи май райондук соту 2,5 жылга эркинен ажыратып, 100 миң сом айып салган), Т.Беримкулов (2,5 жылга эркинен ажыратылып, 100 миң сом айып салынган), У.Кыдырбаевге (4 жылга эркинен ажыратылып, 150 миң сом айып салынган) байланыштуу ишти өзүнчө өндүрүштө карайт.
Булак: barakelde