• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Журналист Сайпидин Султаналиев 13-майга чейин камакта калды

12 Жалган куран 2024 18:50 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 12-мартта Биринчи май райондук соту журналист Сайпидин Султаналиевди 2 айга камакта калтыруу чечимин чыгарды.

Соттун чечимине ылайык, ал 13-майга чейин камакта болот.

Эске салсак, 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынган.

ИИМдин басма сөз кызматы милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт, айт десе» жана «Temirov Live» аталышындагы баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынганын, экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүмү менен иш козголгонун маалымдаган.

Количество просмотров: 60